Президенттин Кубогун утуп алган "Көк-Жал" командасы мындан ары Жогорку Лигада оюн көргөзөт

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Биринчи Лигада чемпион болгон "Көк-Жал" командасы кийинки жылы Жогорку Лигада оюн алып барат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Жогорку Лигада оюн көргөзүп келген "Жаш-Күч" командасы Биринчи Лигага түшөт.

Эске салсак, "Жаш-Күч" командасы Жогорку Лигада "Ынтымак" командасы менен болгон оюнда белгилүү себептерден улам чыккан эмес.

Ал эми "Көк-Жал" финалдык беттеште "Мурас" командасын жеңип, Биринчи Лиганын чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан