Бүгүн, 5-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак Мөөр" спектакли көрсөтүлдү.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коюлду.
Опера-дастандын дирижёр-коюучусу Кыргыз Эл артисти Жумакадыр Каниметов, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Либреттону Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов жазган.