Биз социалдык тармакта

100 сааттан ашты. Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтууну улантууда

Бүгүн, 5-сентябрда манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ырыс Окенова билдирди.

"Бүгүн, 5-сентябрда Москва шаарынын убактысы боюнча саат 15:00дө манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашты. Манасчы ушул күндөр аралыгында 120 саат манас айтууну максат кылган. Москва шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде өтүп жаткан 5 күн, 5 түн манас айтуу иш-чарасы 6-сентябрда болжол менен саат 12:00дө элчиликте салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат", - деп билдирди Ырыс Окенова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2021-09-05 21:55:19
Уюштуруучулардын да уяты жок экен адамды кыйнап 5 күн 5 түн Манас айттырып. Климат тамк аш суу адаптация болбогон адамды кыйнап. Денсоолугу жакшы болсо эле боолду. Аман - эсен айтып бүтсүн.
-2
Asmat84
2021-09-06 01:03:44
rysik79,уйуштуруучуларда эмне күнөө өзү барды го 5 күн 5 түн айтам деп
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-09-06 09:52:08
Тамак ашы кантти?
0
Baktiyar731
2021-09-06 11:44:46
Кереги жок болчу 5 күн айтам деп, өзү да кыйналыптыр айтканы Манаска да окшобой калыптыр үнү угулбайт эмне деп жатканы билинбейт, эх Гиннес, Гиннес...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан