"Үч улут Кубогу": Палестина Бангладешти 2-0 эсебинде утуп алды

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан "Үч улут Кубогу" аталышындагы жолдоштук мелдеште Палестина Бангладешти 2-0 эсебинде жеңип алды.

Кийинки оюн 7-сентябрь күнү Кыргыз өлкөсү менен Бангладеш курамасынын ортосунда орун алат.

Эске салсак, бул күндөрү Бишкек шаарында Палестина, Бангладеш жана Кыргыз улуттук курама командасынын арасында "Үч улут Кубогу" аталышындагы жолдоштук мелдештер өтүүдө.

Алгачкы оюн ата мекендик футболчулар менен палестиналыктардын ортосунда болуп, анда кыргыз курамасы 1-0 эсеби менен жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан