Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында, тактап айтканда Чычкан суусуна 61 жаштагы аял түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине Токтогул райондук ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Маркум 2-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында Чычкан суусуна агып кеткен. Издөө иштери 20-августка чейин жүргүзүлүп, суу тартылганга чейин убактылуу токтотулган.