Бишкектеги Улуттук китепканада Маалымат жана басма сөз күнүнө карата тегерек стол өтөт

Бишкектеги Улуттук китепканада 5-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнүнө карата бир нече иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу 4-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-ноябрда саат 15:00дө “Кылым басылмасы: Кыргызстан басмасына 100 жыл” аттуу китеп көргөзмөсү ачылат. Анда кыргыз журналистикасынын түптөлүшү жана өнүгүүсү тууралуу китеп, журнал, сүрөттөр коюлат. Массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү менен маселелерин талкуулаган тегерек стол саат 16:00дө башталат. Маалымат жана басылма күнүнө карата концерттик программа саат 18:00дө башталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан