Британиялык спецназдар аялдардын көйнөгүн кийип, талибдер көзөмөлдөгөн аймактан качып өтүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 20 спецназ Ооганстандын түштүгүндө калып калган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги аларды алып чыга албай калгандыктан, жоокерлер өз алдынча Кабулга жетүүгө аракет кылышкан.
Спецназдар ооган аялдарынын кийимин кийип, беттерин паранжа менен жаап жолго чыгышкан. Алар Хамид Карзай аэропортуна бара жаткан жолдогу талибдер көзөмөлдөп турган бир катар пункттардан байкатпай өтүп кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошондой эле жоокерлер бардык курал-жарактарын таштап кетишкени да айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Улуу Британия Ооганстандын аймагынан жалпы 6 миңге жакын жаранын алып кеткени айтылган.