Бишкектин Октябрь районундагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 8-кичи районунда жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1950-жылы туулган П.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Эшикти ачууга 4 куткаруучу тартылган.