Ооганстанда талибдер кош бойлуу полиция кызматкерин өлтүрүштү

Ооганстандын Гор провинциясынын борбору Чагчаран шаарында талибдер жолдошу менен балдарынын көзүнчө полиция кызматкери Бану Негарды атып өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бану Негар сегиз айлык кош бойлуу болгон жана жергиликтүү абакта иштеген.

Күбөлөрдүн айтымында, куралчандар 4-сентябрь күнү маркумдун үйүн тинтишип, туугандарын байлап салышкан. Анын үй-бүлөсү кабарчыларга маркумдун сокку жеген денесин сүрөткө тартып жөнөтүшкөн.

Ал эми талибдер бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдиришкен. Уюмдун өкүлү Забиулла Мужахид бийлик бул окуядан кабардар экенин жана иликтөө жүргүзүп жатканын баса белгилеген. Анын пикири боюнча, Негарды өлтүрүү жеке кастыктан улам жасалышы мүмкүн.

Буга чейин Газни провинциясында согушкерлер аялдарды жергиликтүү радиостанцияларга жумушка тартууга тыюу салган. Бириккен улуттар уюмунун укук коргоочуларынын айтымында, учурда ооган аялдарынын абалы өтө оор. Аларга мектепке барууга тыюу салынып, көчөдө сабап жана уурдап кетишет.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-09-06 11:07:46
Ызы чуу токтобойт эми Афганистанда,жапайы талибтер оюна келгенин кылат эми!
+3
ayzhan12
2021-09-06 11:42:54
Сабатсыз элге молдолор кожоюн - деп тааймай айтышкан кыргыздар. Афганистан ушул болду. Молдолор Эл чогулган, киши өлгөн жерден пайдаланып, жалпы элге кожоюн болуп алышкан. Барган жерлеринде бакылдап антип жашагыла, тигинтип жашагыла - деп аялдарга оорунсуз шарият үйрөтүп.
0
Danysh1
2021-09-06 20:26:01
ayzhan12, чачын жайып деп койбойсуңбу
-4
Amai
2021-09-06 14:20:43
БУЛ ЖЕРДЕ ЭЧ КАНДАЙ ИСЛАМ ШАРИЯТЫНЫН АЙЫБЫ ЖОК САБАТСЫЗ ЧАЛА МОЛДОЛОР ДИНДИ ТОЛУК ТУШУНБОГОН ТАЛИБТЕРДИН АЙЫБЫ... АРАБИЯ-КАТАР-КУВЕЙТ-ДУБАЙ-ТУРЦИЯ.ОЛКОЛОРУ ТАЗА ШАРИЯТЫН ЗАМАНГА ЖАРАШЫКТУ МЫЙЗАМДЫН НЕГИЗИНДЕ ДУЙНОНУ БАГЫНТЫРЫП КЕЛЕ ЖАТАТ.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан