Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында белгисиз жаран аялга кол салып, акча каражатын тартып алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Каракол ШИИБине Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын жашоочусу 37 жаштагы аял киши арыз менен кайрылган. Арызында кечке жуук шаардын Пушкин атындагы сейил багынан белгисиз эркек киши ага кол салып, күч колдонуу менен сабап, анын уюлдук телефонун, 9 миӊ сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана жарандык паспортун тартып алгандыгын билдирген.
Аталган окуя Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү такталып, ШИИБге алып келинген. Кылмышка шектүү Түп районунун Кеӊ-Суу айылынын 33 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну, ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Шаардык соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.