Жалал-Абад облусундагы тергөө изоляторунда камакта отурган адам тергөө абагынын кызматкери тарабынан кысымга алынганын айтып арызданды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган изолятордон Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун өкүлдөрү кабар алышкан.
"№53 убактылуу кармоочу жайдын кызматкери Ж.М. (аял киши) тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адамдын кадыр-баркын басмырлоо, укуктарын одоно бузуу фактылар аныкталды. Абакта отурган беш аял анын аракеттерине нааразычылыктарын билдиришти.
Аялдардын биринин айтымында, кызматкер аны кысымга алып, аялуу жерлерин кармап, муну токтотууну суранганда, түрмө кызматкери "туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек" деп орой түрдө сүйлөгөн. Ал эми башка аялдар кызматкер аларды кемсинтип, физикалык күч колдонуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбурлаганын айтып беришти.
Кармалгандардын биринин айтымында, ал душка түшкөнү жатканда эркек кызматкерлердин алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салып, жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечип жүрүшкөн.
№53 тергөө изоляторунда кармоо шарттарын кошумча текшергенде, мекеменин медициналык бөлүмүндө мөөнөтү өтүп кеткен сегиз дары сакталып турганы аныкталган. Ашканадан дагы мыйзам бузуулар табылган. Бир адамга берилүүчү эттин нормасы сакталбай, күнүнө белгиленген 80 граммдын ордуна ар бир жаранга 15 граммдан ашпаган эт берилип келген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.