"Жаңы Макгрегор" атка конгон британиялык мушкер Пэдди Пимблетт UFC уюмундагы дебюттук беттешин жеңиш менен баштады. Ал бразилиялык Луижи Вендрамин менен беттешип, нокаутка учуратуу менен утуп алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 5-сентябрь күнү Лас-Вегаста "UFC Vegas 36" турнири болуп өткөн. Башкы беттеште 25 жаштагы бразилиялык Луижи Вендрамин менен 26 жаштагы Пэдди Пимблетт күч сынашкан.
Беттешти бразилиялык мушкер ийгиликтүү баштап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздоого өтө жакын барганы менен 1-бөлүктүн акыркы мүнөтүндө үстөмдүгүн жоготкон. Тагыраагы, алгачкы бөлүктүн аяктарына саналуу көз ирмемдер калганда Пэдди Пимблетт атаандашын нокаутка учуратып, жеңишти камсыздаган.
Бул британиялык мушкердин UFC'деги алгачкы, ал эми аталган уюмга чейинки беттештердеги 17-жеңиши.
Белгилей кетсек, Пэдди Пимблетт атаандаштарынын дарегине карата ар кандай мазактоочу сөздөрдү айтып, кемсинткен мамиле кылып келгендиктен "жаңы Конор Макгрегор" атка конгон.