"Манчестер Юнайтед" клубу Криштиану Роналдунун футболкаларын сатуудан 45 миллион долларга жакын киреше тапты

"Манчестер Юнайтед" клубу жаңы келген оюнчусу Криштиану Роналдунун футболкаларын сатуудан 12 сааттын ичинде 45 миллион доллар киреше тапты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, белгилүү футбол жылдызынын футболкасынын 1 даанасы 110 доллардан (9 миң сом) 150 долларга чейин (13 миң сом) бааланган. 12 сааттын ичинде бардыгы 406 миң 250 даана футболка сатылган.

Муну менен клуб 45 миллион доллар же 3 миллиард 813 миллион 750 миң сом киреше тапкан.

Эске салсак, Криштиану Роналду август айында италиялык "Ювентус" клубунан англиялык "Манчестер Юнайтед" клубуна өткөн. Ал бул клубда да мурдагыдай эле 7-номердеги форма менен оюн алып барары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Men_ele
2021-09-06 13:27:06
4 миллиард эмне экенин жазып койгула темага
+1
Omyke
2021-09-06 13:31:28
Турсачан футбол ойногондо турсасынанда пайда тапммак да))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан