Бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде белгилүү "Даңазалуу доор" түрк сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли маалымат жыйын берүүдө.
Бул белгилүү актрисанын Кыргыз жергесине алгачкы жолу келиши. Мындан улам көпчүлүк көрүүчүлөр Хюррем султандын образында таанылган актрисанын сулуулугуна таң берген пикирлерди калтырышууда. Ошондой эле ал сериалдагыдан таптакыр башкача айым экендигин жазышууда.
Эске салсак, белгилүү кино актриса Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келди.