АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Вашингтондун борборунда жайгашкан "Trump International" мейманканасын сатууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Трамп ижара укуктарын мейманкана компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган иштеп чыгуучуга сатууну көздөйт. Ошондой эле алар өз кезегинде мүлктү башкарып, ребрединг (активдүү маркетинг стратегиясы) кылышат.
Азырынча келишим шарттары белгисиз. Келишимге кол коюу көп убакытты талап кылат. Трамптын өкүлдөрү ири мейманкана түйүндөрү жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Ошондой эле 2019-жылы Трамп мейманкана акцияларын 500 миллион долларга сатууга аракет кылган. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери мейманкана бизнеси жоготууга учурап, сатуу суммасы төмөндөгөн.
Белгилей кетсек, 2013-жылы Трамптын “The Trump Organization” компаниясы жалпы кызмат башкармасы (GSA) менен 60 жылдык ижара келишимине кирген. 2017-жылга карата ай сайын ижара баасы 250 миң доллар болгон.
Эске салсак, буга чейин Дональд Трамп менчик тик учактарынын бирин сатыкка койгону кабарланган.