Таласта 22 жаштагы жаран 6 жана 7 жаштагы кыздарга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелүүдө

Талас шаарында 1999-жылы туулган жаран 6 жана 7 жаштагы кыздарга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 3-сентябрь күнү Талас ШИИБинин 102 кызматына телефон аркылуу шаар тургуну билдирүү жасаган. Анда май куюучу жайдын жанында бейтааныш адам бычак менен ошол жерде турган жарандарды кубалап жүрөт деп билдирген.

"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзгөн учурда Талас шаарынын төрт жараны түшүнүк кат жазган. Анда алардын 6 жана 7 жаштагы кыздарын кошуна жашаган 1999-жылы туулган А.Т. аттуу жаран алдап үйүнө алып барып, ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдиришкен.

Аталган билдирүүлөр Талас ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда бул иш боюнча тийиштүү тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кошумча маалымат берилет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2021-09-06 13:36:46
Кое берип жиберишиптир. Кечее ата энелери ызы чуу салышып жургон увд жанында
-1
NURSAPAR
2021-09-06 14:44:13
Ушундайында бычып салуу керек.
0
KG-312
2021-09-07 01:42:02
Таласта, бир эркекти бир эркек көтөндөп койгон эле, ошолор эмне болду ыя?))))
-3
Erlan_95
2021-09-07 12:27:56
KG-312, андайлар толтура башка областта деле. Эртен барып сени дагы ошентип кетишсе экен. Аминь
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан