Парламент комитетинде Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын кыскартуу демилгеси көтөрүлдү

Бүгүн, 6-сентябрда парламент комитетинде Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын кыскартуу демилгеси көтөрүлдү.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын 9дан 6га чейин кыскартуу сунушталып жатканын айтты. "Биз Эсептөө палатасынын кеңешинде жуп санда эмес, так санда добуш берилиши керектигин эске алып, парламенттин тармактык комитетинин 1 мүчөсүнө кеңеште добуш берүү укугун ыйгаруу чечимине келдик. Ал эми инспекторлордун саны кыскарбайт", - деп кошумчалады депутат.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов аудиторлордун санын кыскартпастан, тескерисинче алардын санын 12ге чейин көбөйтүү зарыл экендигин айтат. "Ошондо текшерүүлөрдүн сапаты жакшырып, мамлекеттик бюджеттен уурдоо жосундары азаят", - деди ал. Анын сунушун комитеттеги депутаттар колдогон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан