Баткен облусунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуянын чоо-жайын айтып берди.
Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда, тактап айтканда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда 5-сентябрь күнү болжол менен саат 04:30 чамасында жол кырсыгы катталган.
"Ош облусунун Өзгөн районунун 1985-жылы туулган С.И. аттуу тургуну өзүнүн Daewoo Tico унаасы менен Өзгөн шаарына бара жатып, рулга ээ боло албай карама-каршы багытка жолдун сол тарабына чыгып, тереңдиги 10 метр болгон сайга түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу уктап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана Кадамжай районунун бир тургуну, Ош шаарынын бир тургуну каза болгон. Ал эми Өзгөн районунун 25 жаштагы тургуну Э.А. аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган жол кырсыгы Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.