Өзбекстандын мектептеринде кыздарга жоолук салынып, баш кийим кийип келүүсүнө уруксат берилди

Өзбекстанда окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып, топу кийип келүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлигине таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Билим берүү министрлиги мындай чечимди ата-энелердин суранычынан улам кабыл алгандыгы менен түшүндүргөн.

“Улуттук баалуулуктарды эске алуу менен быйылкы окуу жылынан тарта окуучу кыздарга ак же ачык түстөгү жоолук салынуусуна уруксат берилди. Бирок жоолук артка байланышы шарт. Ошондой эле кыздар жакалуу узун көйнөк жана топу кийсе болот. Ал эми бул нерсе бардык окуучуларга тиешелүү эмес. Эгерде кимде-ким жоолук салынгысы келбесе, анда аны эч ким мажбурлабайт”, - деп билдирген аталган өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги.

Белгилей кетсек, 5-июлда президент Шавкат Мирзийоев “Абийир эркиндиги жана диний мекемелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коомдук жайларда хиджаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-06 13:54:06
Молодец. Элди кыйнабай бизде деле ушинтип мыйзам чыгарып койбойбу!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан