Бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде белгилүү "Даңазалуу доор" түрк сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли маалымат жыйын берди.
Жыйындын жүрүшүндө белгилүү актриса пандемия учурундагы ар кандай чектөөлөрдөн улам Кыргыз жергесине кыска гана мөөнөткө келгенин айтып, күйөрмандары үчүн атайын убакыт бөлө албай калганын билдирди.
Бирок бул акыркы сапары эместигин белгилеп, кийинки жолку сапарында узак мөөнөткө келип, Кыргыз өлкөсүндөгү башка шаарларды да кыдырып, кооз табиятын көрүп кетүү тууралуу ою бар экендигин кошумчалады.
Ошондой эле кийинки жолу күйөрмандары менен кененирээк баарлашуу кыларын баса белгиледи.
Эске салсак, белгилүү кино актриса Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келген.