Социалдык тармакта Баткен облусунун Лейлек районундагы оорукана деген сүрөттөр талкуу жаратууда. Сүрөттө көрүнгөндөй имарат качан оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн билүү кыйын. Анда полдун, керебеттин эскилиги жеткенин, бейтап эне абалы мышык ыйлагыдай керебетте отурганын көрүүгө болот.
Анда интернет колдонуучулары оорукананын абалына кейип, комментарий калтырышууда.
"Кыргыз өлкөсүндө оорукананын кейпи ушундай, анан кайдагы "асман" курабыз деп "тил эмизесиңер!?".
"Адамдын жүрөгүн оорута турган оорукана экен, адамдар бул ооруканадан айыкпай эле шартын көрүп кайра оорукчан болот го, аттиң!".
"Шайлоого катышып жаткандар бөлүшүп алып эле Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчундагы ооруканаларды оңдоп-түздөөгө өтүшсө болмок".