"Талибан" кыймылы акыркы Панжшер провинциясына толук ээлик кылгандыгын жарыялады

"Талибан" кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид талибдер Панжшер провинциясын толугу менен басып алганын жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Билдирүүгө ылайык, Панжшер провинциясындагы Каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлдөрүнүн айрымдары салгылашууда жеңилгенин, калгандары качып кетүүгө үлгүргөнүн жазган. Ошол эле учурда талибдердин өкүлү Панжшердин тургундары кысымга алынбай тургандыгын белгилеген.

4-сентябрда "Талибан" кыймылы Ооганстандагы акыркы ээлик кыла элек Панжшер провинциясын курчоого алгандыгын жарыялашкан. Өз кезегинде Каршылык көрсөтүү фронту талибдерге чоң жоготууларды алып келген.

Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болчу. Учурда бул аймак толугу менен "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өттү.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-06 18:43:16
Акшнын парданын аркасындагы жардамы аркылуу жеңишиптирда лөлүлөр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан