Садыр Жапаров муфтий Замир Ракиевди кабыл алды

Бүгүн, 6-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров муфтий Замир Ракиевди кабыл алды. Маалыматты президенттик администрациядан кабарлашты.

Жолугушууда муфтияттын учурдагы ишмердүүлүгү, келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, өлкө элинин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланган.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү светтик, көп конфессиялуу өлкө экенин, анын калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөрүн белгиледи.

"Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Коркунучтардын алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду. Азыркы тапта бул маселе актуалдуу жана аны чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү талап кылынат.

Бул үчүн биз Кыргыз Ислам университетинин базасын бекемдешибиз керек. Мындан башка Бириккен Араб Эмираттарынын «Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян» фондусунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынууда.

"Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" биринчи жарлыгым чыккан. Азыр ушул жарлыктын негизинде концепция иштелип чыкты", - деп айтты мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодогу маанилүү ролун дагы бир ирет баса белгиледи.

Өз кезегинде муфтий Замир Ракиев өлкө башчыга диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоду. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алышууда.

Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт.

Замир Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан