Чүй облусунун Кемин районунда бодо малды уурдоого шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан бир жыл мурун эле жергиликтүү тургундар Кемин районунун аймагында бодо малды белгисиз адамдар уурдап кетип жатканы тууралуу Кемин РИИБине арыз менен кайрылышкан. Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөөгө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы мал уурулукка шектелип 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөр сарайлардан малды уурдап, Чүй облусундагы мал базарлардын бирине сатып жибергени маалым болгон.
Учурда кармалган жарандардын Кемин районунун аймагында 10 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал эми шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.