Бишкекте унааны айдап качканга шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 4-сентябрда болжол менен саат 02:50 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Эркиндик бульвары жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен унаамды айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 02:40 чамасында арыз ээсинин токтоп турган Subaru Outback үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш кыз мыйзамсыз айдап белгисиз тарапка качып кеткени айтылган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1997-жылы туулган А.Ф. аттуу кыз кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.