Футбол: Неймар күйөрмандарга сылык мамиле кылгандыгы үчүн кошумча 6 жарым миллион евро алат

"ПСЖ" футболдук клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар клубдагы кызматкерлерге жана күйөрмандарга сылык мамиле жасагандыгы үчүн жылына кошумча 6 жарым миллион евро алат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Келишимдин шарттарына ылайык, футболчуга клубдун чечимдерин ачык сындоого тыюу салынат, ошондой эле беттешке чейин жана кийин күйөрмандары менен учурашуу милдеттенмеси да кирет. Неймар "ПСЖ" клубунун кызматкерлери жана клубдун күйөрмандары тууралуу жаман билдирүүлөрдү таратпашы керек.

Эске салсак, 8-майда Неймар "ПСЖ" клубу менен келишимди 2025-жылга чейин узарткан. Ал париждик клубга "Барселонадан" 2017-жылы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан