
"Манас" эл аралык аэропортунун имаратына кирүү боюнча чектөөлөр алынды. Аэропорттун маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, чектөөлөрдүн алынышы эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына байланыштуу.
Маалым болгондой, 1-сентябрдан баштап саат 07:00дөн түнкү 12:00гө чейин узатуучулар жана күтүп алуучулар үчүн "Манас" аэропортунун имаратына кирүүсү боюнча чектөөлөр убактылуу алып салынды.
Ал эми саат түнкү 12:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин аэробекеттин ичине ошол күнгө алынган билети бар гана жүргүнчүлөр кире алышат.