Франция футболчусу Жан-Пьер Адамс 73 жашында 39 жыл комада жаткандан кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Адамс 1982-жылы Лион ооруканасында бутуна операция жасаткандан кийин дарыгерлердин катачылыгынан улам 34 жашында комага түшкөн. Ошол күнү Францияда дарыгерлердин иш таштоосу болуп, көбү жумушка келген эмес. Адамска операция жасаган дарыгер бир эле учурда 8 адамга операция жасап, кокусунан дозаны чаташтырып алган.
Жан-Пьер Адамс 1948-жылы Сенегалдын Дакар шаарында төрөлгөн. 1972-1976-жылдары Франция курама командасында 22 оюн өткөргөн. Ал ошондой эле "ПСЖ", "Ницца" клубдарында ойногон.