Катарда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн атайын курулуп жаткан 6-стадион ачылуу алдында турат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, "Аль-Тумама" аталышындагы стадиондун сырткы көрүнүшү араб элинин салттуу баш кийимин элестетип турат. Ичине 40 миң көрүүчүнү батыра алган бул футбол аренасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык оюндарын, плей-офтук беттештерди жана чейрек финалдык оюндарды кабыл алат.
Стадиондун ачылышы 22-октябрга белгиленген.