"Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү максатында Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтууга киришкен манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн улуу баянды айтууну жыйынтыктады. Улуу баянды айткан манасчынын абалы жакшы. Бул тууралуу манас айтуу, Гиннесске каттоо боюнча иштерди уюштурууну жетектеген Гүлзар Кокенова билдирди.
"Манас айтууну жыйынтыктаган манасчынын абалы жакшы. Улуу баянды айткандан кийин тамактанды. Командабыз менен Москва шаарын кыдыралы деп жатабыз. Буюрса, эртең Бишкекке кайтабыз", - деди ал.
Манас айтууну жыйынтыктоо иш-чарасы Орусиядагы Кыргыз элчилигинде салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган.