Белгилүү француз актёру Жан-Поль Бельмондо 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, актёрдун өлүмү тууралуу бүгүн, 6-сентябрда анын жактоочусу Мишель Годест жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген. "Акыркы убактарда ал аябай чарчаңкы абалда жүрдү. Аркы дүйнөгө тынч эле кете берди", - деген ал. Жактоочунун айтымында, ал Париждеги өзүнүн үйүндө жан берген.
Эскерте кетсек, Жан-Поль Бельмондо актёрдук карьерасын 1957-жылы баштаган. Ал 100дөн тасмада роль жараткан. Атактуулукка 1960-жылы экранга чыккан "Акыркы дем менен" аттуу тасма аркылуу жеткен. Андан көп өтпөй эле "Оскар" сыйлыгына татыган "Чочара" аттуу киного тартылган.