"Моюнуна дөңгөлөк асып...". Ооганстанда унаанын дөңгөлөгүн уурдаган жаранды талибдер коомчулук алдында жазалашты

Ооганстандын чыгышындагы Желалабад шаарында автоунаанын дөңгөлөгүн уурдаган жаранды талибдер коомчулук алдында жазалашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, талибдер автоунаанын 2 дөңгөлөгүн уурдаган жаранды жазалоо максатында анын моюнуна уурдалган дөңгөлөктөрдү асып, унаага салып алып шаар аралатышкан. Муну менен алар уурулук кылгандарды кандай жаза күтүп турарын көрсөтүүнү чечишкен.

Эскерте кетсек, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жарандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
IOA
2021-09-07 08:03:24
Молодцы
-2
bond02
2021-09-07 08:15:29
Моюнуна донголок асканды бизден уйронуп алышкан го.
+4
Shbdn
2021-09-07 08:35:22
Кыргызстанда мойнуна дөңгөлөк аскан Жалал абадтан чыккан ошол кыргызстандык доголок аскан Талиптердин келген эмеспи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан