Ырчы Анжелика продюсерлик кылган телесериалда Мерьем Узерли башкы ролду жаратуусу күтүлүүдө

Белгилүү немис-түрк актрисасы Мерьем Узерлини ырчы Анжелика телесериалга тартууну пландоодо. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр болуп жатканы Анжелика айым тарабынан белгилүү болду.

"Мен продюсерлик кылган телесериал жакында экранга чыгат. Алдыда реалдуу жашоону баяндаган дагы башка телесериал тартууну пландап жатабыз. Анда дагы продюсер болом. Ошол сериалда башкы ролду Мерьем Узерли жаратса деген планым бар. Белгилүү актриса сценарий жакса тартылууга макулдугун белгиледи. Азыркы тапта гонорар жана башка маселелерди сүйлөшүп жатабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келип, маалымат жыйын өткөрдү.

Анда ырчы Анжелика Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорго катышуу үчүн берген сунушу боюнча актрисанын оюн сурады. Өз кезегинде Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлордо кандайдыр бир образга кубануу менен тартыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kona8631
2021-09-07 03:43:34
Жанынан чыкпай калыптыр го кунумдук гонорары бирдекенди сатсан да жетпейт го дейм
+10
Apyn8793
2021-09-07 03:52:44
Чы....ды кана келтирет да ушул )))
+7
Zahide
2021-09-07 06:46:11
Маалымат жыйында Анжеликанын суроосуна ооба же жок деп да жооп берген жок. Жалпылап эле жооп берди, адамдардын баары бир тилде суйлобосок да турдуу сезимдерди эмоция аркылуу бере алабыз деп. С удовольствием тартылам деген соз чыккан жоок оозунан, Доолотбаков озу эле кошуп койду.
Котормочулар аккуратно которбой эле Анжелика удургуп алса керек. Биздин киного тартылмак беле, анын гонорарын эч ким толоп бере албайт
+10
Dembele84
2021-09-07 06:51:56
Анжелика бул аялдын жанында таш бука болуп калыптырго)))
+8
Gulina90
2021-09-07 08:10:38
Куру эле сүйүнө бербечи ал тартылбайт бир күнгө канчалаган евро алып жатат ал.
+3
bond02
2021-09-07 08:14:03
Уят болом деп ойлобойт экен да бул, кылымда тартылбайт го. Бир ролик тартса макул болушу мумкун.
+3
Omyke
2021-09-07 08:24:50
Анжеликага жаакшы эркек керек мээсин ордуна келтиретурган
+8
mariolan
2021-09-07 09:01:31
Мерйемдин түрк серийалдарындагы гонорары ар бир сериал учун минимум 100 мин турк лирасынан башталат тактап айтканда бир миллион сомдон, чет элдик сериялдарга 2 миллион дон ылдый макул болбосо керек, жашаганы, ичкен деген, саякаты ж.б чыгымдарын кошкондо Анжела экообуз денебизди сатсак да жетпесе керек
+7
KaGaH
2021-09-07 09:22:00
Меремдин алдында анжеликанар сүткө тойгон күчүктөй көрүнөт экен
+7
Goodyer
2021-09-07 10:35:44
Анжелика нак артист))
+3
udacha.kg
2021-09-07 10:53:18
Эмнеге кыргыз калкым ушунчалык ичи тар келет, отуруп алып эле негатив жазып отурабыз. Кочукту которуп кыймылдап ошол адамдай жумуш жасап койсок оюбуз озгорот беле. Жок дегенде кудайдан коркуп, жакшы айта албасак жаман суйлобой койсок жакшы юолот беле.
-1
suban78
2021-09-07 10:59:30
Баары бир биздин Анжелика сулуу да, жузу жарык. Жайнап турат гоо... Азаматсын Анжелика эч кимди укпай чон чон иштерди жарата бер. Ийгилик, коро албагандар суйлой берет.
Орустарда жакшы соз бар "Никого не слушай, особенно людей" деген.
Вперееед красавица.
-6
surgeon777
2021-09-07 12:19:59
Дуйнолук даражадагы звезда ушул недопевица,недоактрисанын сериалына тушот бекен?)))))) тем более режиссёр эмес го,Анжелика уят кылбачы айланайын,суранабыз,негизи эле ар ким озунун ишин кылса! Кино тартуу учун режиссураны окуш керек,маданият министрлиги каякты карап отурат
+9
Akjol18
2021-09-07 13:57:24
Анжелика чыгармачылык ийгилик,ден соолук каалайм.
Бирок көрпөңө карап бутуңу сунганың жакшыго дейм.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан