Кыргыз өлкөсүндө боло турган ири "Рубеж-2021" машыгуусуна Тажикстан катышпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев билдирди.
Министрдин орун басары тажик аскерлеринин эмне себептен Кыргыз өлкөсүндө өтүүчү машыгууга келе албастыгын так айткан жок.
Эске салсак, бүгүн, 7-сентябрда "Рубеж-2021" машыгуусу башталат. Ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун аскер контингенттери жана ЖККУнун бириккен штабынын жана катчылыгынын оперативдүү топтору катышат.
Машыгуулар 7-9-сентябрь аралыгында болот.