КМШ оюндары: Күрөш боюнча курама команда дагы 5 медаль жеңди

Күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында дагы 5 медаль жеңди.

125 килограмм салмак категорияда Арсланбек Турдубеков күмүш медаль тагынса, Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70 кг), Бакберди Мирсланбеков (85 кг) жана Баяман Мыктыбеков (100 кг) коло байгенин ээси болушту.

Аталган спорттун түрү боюнча жалпы медалдардын саны боюнча Кыргыз өлкөсү 3-орунда. Тизменин сап башында Орусия жайгашса, экинчи орунда Өзбекстан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-09-07 09:47:43
Таблицасын кошо чыгаргылачы сураныч!
-1
Mister-XXX
2021-09-07 09:58:36
Эки гана алтын болуп турат бизде.Кумуш жакшы эле алдык.Алтынга бир секирик жетпей турасынар да.Ийгилик баарынарга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан