Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында Мазда Демио унаасы толук өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине Бишкек шаардык №7 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылган.
Саат 05:20да өрт чектөөгө алынып, 05:25те толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.