"Танк Биатлону-2021" мелдешине катышкан Куралдуу күчтөрдүн курама командасын тосуп алуу Канттагы аскердик базада өттү

Орусияда өткөн "Танк Биатлону-2021" мелдешине Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, биринчи орунду камсыздаган Куралдуу күчтөрдүн курама командасын тосуп алуу аземи 6-сентябрда Канттагы базада өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Тосуп алуу аземинде коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеев үч танк экипажын жогорку профессионалдык деңгээлдеги даярдыгын, алардын эрктүүлүгүн белгилеген.

"Биздин үч экипаждын тең жакшы координацияланган ишинин натыйжасында, экинчи дивизиондун жеңүүчүлөрү болуп, биздин команданын жеңишке жетүү үчүн күчтүү ишенимин көрсөтүштү. Бул биздин чоң ийгилигибиз. Танкчылар өздөрүн чыныгы мекенчил патриот жана коргоочу катары көрсөтүштү деп сыймыктануу менен айта алабыз", - деген Нурлан Кирешеев.

Тосуп алуу аземи чакан концерт менен аяктады. Танк экипаждары жакын арада Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик санаторийине ден соолукту чыңдоо үчүн жөнөтүлөт.

2-сентябрда "АрМИ-2021" эл аралык оюндарынын алкагында өтүп жаткан танк жарышынын финалдык оюну болуп өткөн. Анда кыргыз танкчылары 2-дивизиондо Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын танкчылары менен күч сынашып, жеңип алышкан.

Кыргыз жоокерлери жалпы оюндун жыйынтыгында, марага 2 саат 16 мүнөт 51 секундда кирип келишкен. Мекендештер финалда көк түстөгү танк менен жарышка чыгышкан.

Көзгө жаш алып! Кыргыз танкачылары Орусияда өткөн Танк Биатлонунда чемпион болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан