Буга чейин социалдык тармакта Баткен облусунун Лейлек районундагы оорукана деген сүрөттөр талкуу жараткан. Сүрөттө көрүнгөндөй имарат качан оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн билүү кыйын. Анда полдун, керебеттин эскилиги жеткенин, бейтап эне абалы мышык ыйлагыдай керебетте отурганын көрүүгө болот.
Сүрөттөгү боор оорута турган оорукана Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан. Ал имарат Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү экендиги аталган оорукананын директору Алимкул Абдиевге байланышканыбызда белгилүү болду.
Анын айтымында, аталган бөлүмдүн чатырын алмаштыруу иштери жүрүүдө.
"Оорукананын психонаркология бөлүмү шаардын четинде жайгашкан. Ал 1962-жылы курулган. Негизи эски имарат. Чынында имаратка каражат каралган эмес. Азыркы учурда бөлүмдүн ичиндеги абалы сүрөттө көрүнүп тургандай эле. Бирок мурун чатырынан суу акчу эле, быйыл имараттын чатырын алмаштырып жатабыз. 1-2 күндө бүтүп калат. Аны жаңы куруу үчүн демөөрчүлөр менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бирок азырынча натыйжа жок.
Керебеттерди, матрасттарды алмаштырганга буюртма берип жатабыз. Ошондой эле жылуулук тармагын оңдоону кийинки жылга пландаштырып жатабыз.
Ал жерде психикалык жактан жабыркаган бейтаптарга 20, наркологиялык бейтаптарга арналган 25 орун бар. Учурда 19 бейтап дарыланууда. Аталган бөлүмдө өмүр бою дарыланып жаткан 3-4 бейтап бар. Аларды эч кайда чыгара албайбыз.
Психонаркология бөлүмүндө 1 дарыгер, 6 медайым, 5-6 кенже медайым эмгектенет", - деди Абдиев.
Талкуу чордонуна алынган аталган бөлүмдө мончо жок экендигин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. Ал эми оорукананын жетекчиси жогорудагы айтылгандар боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бейтаптар үчүн жакшы шарттагы мончо демөөрчүлөр тарабынан салынган" деп кошумчалады Абдиев.