Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"5-сентябрда болжол менен саат 08:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа жасалма номер менен жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда аталган унаа ордунда жок болгон. Артынан түшүп ыкчам издөөнүн натыйжасында унаа табылып, 1988-жылы туулган Т.У. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Биринчи Май РИИБине жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.