Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында Lexus 470 жана VW GOLF үлгүсүндөгү унаалар катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 20 жана 16 жаштагы эки эркек киши жабыркаган.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишкен.