Ысык-Көл облусунда унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү Каракол шаарында жайгашкан жалпы аянты 176 чарчы метр болгон жанаша жайгашкан турак үй, унаа оңдоочу жай, ошондой эле Honda Odyssey, Volkswagen Bora жеңил унаалары толук күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө Каракол шаардык №15 ӨКБдан жалпы эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 15:50дө чектөөгө алынып, 17:02де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.