Депутат пакистандык туристтерди чакырган компанияларга аларды көзөмөлдөө милдеттендирилиши керектигин айтты

Депутат Султанбек Анарбаев пакистандык туристтерди чакырган компанияларга аларды көзөмөлдөө милдеттендирилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Турист келсе жакшы, көп акча түшүп жатат. Туристтер келгенде фирмалар чакырган деп айтып жатасыздар. Аларды көзөмөлгө алуу ошол компанияларга милдеттендирилиши керек", - деди ал.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан Пакистандын, Индиянын туристтери боюнча алгоритм иштеп чыгышкандыгын айтты. "Чакырып жаткан компаниянын жоопкерчилигин көзөмөлгө алып жатабыз. Ысык-Көлдө пакистандык туристтер көп жүрөт деп талкуу болду. Ысык-Көлдүн тургундары сезон бүткөндө келип жатышат деп рахмат айтып жатышат. Ал жагын дагы карап көрүш керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-09-07 12:27:45
Эшек жайлоо кылбаш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан