Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уурдалган унаа Оштон табылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 12-июль күнү Сузак райондук милиция бөлүмүнө Ырыс айыл аймагынын тургуну Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан кафелердин биринин алдына өзүнүн Дэу-матиз унаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Сузак РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2005-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран аныкталып, Ош шаарындагы таанышынын үйүндө жашынып жүргөн жеринен кармалган.
Шектүү Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.