Унаа жуучу жайда иштеген өспүрүмдөр кардардын унаасын уурдап жол кырсыгына кабылышты

Бишкекте унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 5-сентябрь күнү түнкү саат 02:00 чамасында болгон. Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн Toyota 4Runner унаасын Гагарин жана Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан унаа жуучу жайга таштап кеткен. Бирок анын унаасын унаа жуучу жайдын кызматкерлери уурдап кетишкен.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Toyota 4Runner унаасы Сокулук районунда талкаланган абалда табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган У.У., 2005-жылы туулган М.С. жана 2001-жылы туулган К.С. аттуу шектүүлөрдү кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк сот жашы жете элек эки өспүрүмдү бошотту, үчүнчүсү СИЗО-1ге бир айга камалды", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-09-07 12:30:33
Жыргашат го тим эле
+3
Jacob.
2021-09-07 12:33:38
Мына пабжынын пайдасы, откондо бир жерден окуп калдым, бул кетиште 10 жылдан кийин кочодо жаштар живой автомат кармап атышып калышат дейт, жакында болгон гаи атып алган окуя, азыркы мащинесин урдап качкан окуялар жон гана трейлер..
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан