Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында кыргыз балбаны Баяман Мыктыбеков 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды.
Күмүш байгени ал бел боо күрөшүнөн, ал эми коло байгени күрөш спортунан жеңип алган.
Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.