Бүгүн, 7-сентябрда өкмөт үйүнүн алдына мугалимдер жана медициналык кызматкерлер митингге чыгышты. Алар ипотеканын пайызын кыскартып берүүнү суранышты.
Митингге чыккан мугалимдердин бири ипотеканы 4 пайызга түшүрүп берүүнү суранып чыгышканын айтты.
"Мен ипотеканы 4 жыл мурун 12 пайыз менен алгам, азыр 8 пайыз менен алып жатам. Өзүм жалгыз бой энемин, эки жумушта иштейм. Биз бекер үй сураган жокпуз. Болгону 4 пайызга гана түшүрүп берүүсүн суранабыз", - деди Чолпон Асылова.