100гө чукул адам катышкан. Талибдер антипакистандык акцияга чыккандарды таркатуу үчүн ок чыгарды

Талибдер Кабулда антипакистандык акциянын катышуучуларын таркатуу үчүн абага ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пакистандын элчилигинин алдына жүзгө жакын адам плакаттарды көтөрүп, ар кандай ураандар менен чыгышкан. Буга чейин Ооганстанды куткаруу боюнча Жогорку кеңештин башчысы Мохаммад Акбар Ага талибдер Пакистан менен мамилени жакшыртууга кызыкдар экенин айткан.

Ооганстандын борборунда талибдерге жана Пакистанга каршы Панжшердеги Каршылык көрсөтүү фронтун колдоо үчүн масштабдуу массалык акциялар башталган.

Мындан тышкары демонстранттар Пакистандын чалгын кызматынын башчысы генерал-лейтенант Файз Хамиддин Ооганстандын баш калаасын таштап кетүүсүн талап кылышууда.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан