Чүйдө 10 миллион сомго жакын контрабандалык алкоголдун партиясы аныкталды

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ири соода түйүндөрү аркылуу мыйзамсыз сатылган Кыргыз өлкөсүнүн аймагына импорттук алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

"4-сентябрь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын элиталык алкоголдук продукциялар табылган.
Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейин эсептелинет", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан