Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров парламенттик шайлоого даярданып жатканы боюнча депутат Дастан Бекешев маалымат тараткан. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул боюнча SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй жооп берди.
"Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз. Мамлекет башчысы буга чейин өзүнүн жакын туугандарынын саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген", - дейт ал.