2018-жылы өткөн Нурмагомедов - Макгрегор беттешинде калыс жок болгондо ирландиялык мушкер өмүрүнөн айрылмак. Бул тууралуу UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов орусиялык ютуб каналдардын бирине берген маегинде айткан.
"Херб Дин (ред. беттештин калысы) ачыгын айтканда, анын өмүрүн сактап калган. Бул жүз пайыз. Элестеткиле, эгерде Херб Дин жок болгондо эмне болмок. Анда Конор Макгрегор өлмөк. Ал жер чапты, бирок мен аны катуу муунттум. Хер Дин аны менден алыстатууга жетишип калган", - деген Хабиб Нурмагомедов.
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор 2018-жылдын 6-октябрында "UFC 229" турниринде беттешкен. Анда Хабиб Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган